«Аялдардын тилектештик маршы» өтүп жатат

Окуялар тизмеги 08 Мар 2021 16:50
0 ой-пикир

Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты.

Активисттер колдоруна “Окуган кыз ордун табат”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо”, “Кызыл камчы сынсын”, «Тынч митингдерге эркиндик» деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп бара жатышат.

Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурууда. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылууда. Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.