Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн окуучулары өзгөчө куш кароо билимине ээ болуп жатышат

Аймак, Окуялар тизмеги 23 Дек 2020 17:04
0 ой-пикир

Тоң райондагы Улахол айыл аймагынын 5  мектебинин 30 окуучусуна куш кароо семинарлары өтүп жатат. 6 айлык семинардан мектеп окуучулары Ысык-Көлдүн жээгиндеги суу өңү-түсүнөн, үнүнөн айырмалап таанып, куш кароого кызыккан чет элдик жана жергиликтүү коноктор үчүн куш кароо экскурсияларын уюштурганды жана жаратылышта кызыктуу сүрөт жана видео тартканды үйрөнүп жатышат.  

Семинардын негизинде мектеп окуучулары экскурсияларга чыгып, тажрыйбалуу куш кароочулардын, Ысык-Көл биосфералык аймагынын кызматкерлеринен менен биргеликте канаттууларды санап, мониторинг жүргүзүп, жана браконьер жана мыйзамсыз аңчылар менен жолукканда кимге кабарлоону үйрөнүп, куш кароо илимине жана жаратылышты коргоого салым кошо алышат.

Семинар “Ысык-Көлдүн куштары – суулуу-саздак жерлерди жана суу канаттууларын сактоодо биргелешкен иш-аракетти чыңдоо” деген долбоордун алкагында жергиликтүү “Эл-Тоо” мекемеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Проект Кыргызстандагы АКШ элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасынын алкагында каржыланып жатат. Долбоордун алкагында ар бир мектепке куш караганга дүрбүлөр жана керектүү китептер белекке берилип, окуучулардын бул өнөрдү келечекте улантып кетишине шарт түзүлөт.

Маалымат ирээтинде:

Куш кароо  (бердвотчинг) жаратылышка байкоо жүргүзүп эс алуунун бир түрү. Кыргызстанда бул жаңы өнүгүп келе жаткан багыттын бири. Биздин өлкө куш кароочулар үчүн 390 дн ашуун канаттуулардын түрү менен жана ар түрдүү жер шартындагы (токой, суу, тоо, жарым чөл) канаттууларын көрө алуу мүмкүнчүлүгү менен кызыктуу. Азыркы учурда туристтик компаниялар тарабынан куш кароо турлары уюштурулуп турат. Ал эми Кыргызстандын ичинде бул хобби менен такай алектенгендердин саны 15 кишиден ашпайт.

Улахол айыл аймагы келгин куштардын токтоочу жайы жана суу канаттууларга кыштоочу жай катары белгилүү. Бул аймактагы көл жээгиндеги саздак жерлер дүйнөлүк мааниси бар Рамзар Конвенциясы тарабынан корголуучу аймакка кирген. Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкери Сергей Кулагиндин эсебине ылайык, бул аймакта өрдөктүн 12-14 түрү миграция учурунда конуп, жана ак куунун 2 түрү кыштайт. Былтыркы жылы бул жерде 3000 дей ак куу кыштаган.

Сурот 1: Окуучулар Кара-Талаа айылындагы Ак-Булун жарым аралындагы куш кароо экскурсиясына келген учурда.

Сурот 2: Канадалык куш кароочу Луи Филипп Кампо окуучуларга өрдөктун турлорун айырмалоону уйротуп жатат.

Куш кароо процесси: бинокль (дүрбү) жана телескоптун жардамы менен көлдөгү канатууларды санап жаткан учур

Экскурсияда көргөн куштарды birds.kg жана атайын “Орто Азиянын куштары” деген китеп менен салыштырып аныктоо

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.