Ош облусунун жергиликтүү жашоочуларынан баңгизат жана жардыруучу зат табылды

Окуялар тизмеги 23 Дек 2020 18:53
0 ой-пикир

Мурда алынган маалыматтын негизинде мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо максатында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунун санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине мурда Кара-Суу районунун айылдарынын бириндеги атасы менен баласы үйүндө баңгизат жана гранаталарды мыйзамсыз сактап жүрүшөт деген маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүлөрдүн жашаган үйүнөн кендир жыттанган зат табылып алынган. Мындан тышкары, тинтүү учурунда мыйзамсыз колго жасалган жардыруучу түзүлүштү сактап жүрүү фактысы аныкталып, 2 даана жардыруучу түзүлүш табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар, салмагы 232,5 грамм «марихуана» жана 66,9 граммды түзгөн «гашиш» баңгиза экендиги аныкталган. Колго жасалган жардыруучу түзүлүш боюнча тиешелүү экспертизалар өткөрүүлүдө.
Бул кылмыштарды жасоого жакын тууган болгон 1968-жылы туулган С.И., жана 1987-жылы туулган С.М. аттуу жарандар шектелүүдө.
Шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268, 253-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.