ВИДЕО: Канатбек Исаев шайлоо алдындагы штабынын таркатылышы тууралуу түшүндүрмө берди

Окуялар тизмеги 22 Дек 2020 11:19
0 ой-пикир

Канатбек Исаев шайлоо алдындагы штабынын таркатылышы тууралуу маалыматка Фейсбук аркылуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, ал өз ишин улантып жатат. Ошондой эле, Исаев Нарын облусунун Кочкор районуна барууну пландап жаткандыгын билдирди.

“Айрым маалымат каражаттарында “Канат Исаев шайлоого катышпайт экен” деген жалган маалыматтар чыгып жатат. Мен ушул боюнча маалымат берип коеюн деп чечтим. Эч кандай андай болгон жок. Штабда анча-мынча өзгөрүүлөр болду. Бирок штаб толук кандуу ишин улантып жатат. Бүгүн Чүй-Токмокко барып, эл менен жолугушууларды өткөрдүк. Эртерээк деле кайрылсам болмок, бирок кол бошобой эми гана кайрылып турам. Эми Нарын облусунун Кочкор районуна барып эл менен жолугушабыз”, – деди Исаев.

Сүрөт интернеттен алынды

Ошондой эле, ал эл менен жолугушууга Каныбек Иманалиев менен биргеликте бараарын белгиледи.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.