Болот Шамшиевдин үй-бүлөсү ак халатчандарга нааразы

Окуялар тизмеги 22 Дек 2020 18:00
0 ой-пикир

21-декабрда белгилүү кинорежиссёр, Кыргыз эл артисти Болот Шамшиев каза болгонуна 1 жыл болду.

Шамшиевдердин үй-бүлөсү кинорежиссерго ооруканада туура эмес диагноз коюлганын билдиришти. Үй-бүлөнүн билдирүүсү Кино Өнүктүрүү Фондунун сайтында жарыяланды.

«Болотбек Шамшиев 2019-жылдын 17-ноябрында ичеги-карын инфекциясынын кесепетинен ооруп калды. Үйдө 5 күн төшөктө жаткан соң, 22-ноябрда КР президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасына катуу уулануу белгилери менен жаткырылды. Дээрлик бир айдан кийин, реанимацияда жатып, 2019-жылдын 21-декабрында биздин сүйүктүү кинорежиссёр көз жумду», – деп билдиришти маркумдун үй-бүлөсү.

Үй-бүлөнүн айтымында, кинорежиссёр оорукана жаткан айды биринчи кезекте медициналык компетентсиздик менен мүнөздөсө болот.

«Башында туура эмес диагноз коюу, бардык керектүү клиникалык чараларды өз убагында көрбөө, айрым дарыгерлердин өз ишине терең ойлонуп, сын көз менен мамиле жасай албагандыгы, диагнозун жана ылайыктуу терапияны аныктай албагандыгы – мунун бардыгы адамдын өмүрүн сактап кала албагандыгыбызга алып келди», – дейт алар.

«Каза болордон бир жума мурун Шамшиевдин балдарынын демилгеси менен уулануунун себеби бейтапка тамыр аркылуу берилген көптөгөн кең спектрдүү антибиотиктерге каршы келген ичеги таякчасы экени аныкталган», – дейт Шамшиевтердин үй-бүлөсү.

Белгилей кетсек, Болот Шамшиев ноябрдын аягында Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада реанимацияга жатып, дарыланган. Дарыгерлер абалы начарлап кетип, абалы оор экенин 16-декабрда билдирген.

Эске салсак, Болот Шамшиев 1941-жылы 12- январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Көптөгөн мыкты кинофильмдерди тарткан. Алсак, «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте келген турналар» жана башкалар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.