23-ноябрда социалдык тармактарга маршруттук каттамдын айдоочусун жүргүнчү аял тепкилеп, оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп жаткандагы видео жарыялаган. Бул видео социалдык тармактарда ошол эле убакта желдей тараган. Коомчулук аялды жаман кылыктарын сындап, ар кандай пикир жазышты.
Кийин маршруттук таксинин айдоочусун айда деп тепкилеген окуя Бишкек шаарындагы 193-маршруттук таксиде болгонун Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкен.
№193 маршруттук таксинин айдоочусу Абдибаитов Залкар жергиликтүү басылмалардын бирине аял менен жолукканын айтты.
“Бүгүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына бардым. Ал жактан салондо чыр чыгарган баягы аял менен жолуктум. Көрсө, ал “Дордой” базарында соодагер болуп иштейт экен. Дагы деле кепке-сөзгө келбей, тырыңдап жатат. Ал эми тергөөчү аялды мыйзамдын чегинде жазалайбыз деди. Экөөбүздү дагы чакырат экен”, – дейт айдоочу.
Сүрөт интернеттен алынды