Дайынсыз жоголгон адам табылды

Окуялар тизмеги 25 Ноя 2020 14:18
0 ой-пикир

2020-жылдын февраль айынын ортолорунда Ак-Талаа районунун тургуну 1960-жылы туулган А.Ш Бишкек шаарына иштегени кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатат деп Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Талаа районунун тургуну 1975-жылы туулган О.А арыз менен кайрылган, — деп билдирет Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы.

Аталган билдирүү Ак-Талаа РИИБу тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, тактап айтканда 10 айдан бери дайынсыз жоголуп жаткан жаран А.Ш Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын четинде сарайда мал багып, чабан болуп иштеп жүргөн жеринен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.