Сот: Өмүрбек Текебаевге мандат берүүдө норма бузулган

Окуялар тизмеги 24 Ноя 2020 18:04
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Административдик соту “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Текебаевге мандатты кайтаруу тууралуу чечимди эмне себептен жараксыз деп тапканын түшүндүрдү.

Мекеме 24-ноябрда тараткан маалыматка караганда, мыйзамда депутат мөөнөтүнөн мурда чыгып кетсе анын мандаты тизме боюнча өзүнөн кийинки талапкерге берилери жазылган жана Текебаевге мандат берүүдө ушул норма бузулган.

Административдик соттун пикиринде, Боршайком Өмүрбек Текебаевге депутаттык укукту кайтарып берүүдө “мандат тизмедеги кийинки талапкерге берилет” деген норманы бузган, себеби ага тийген мандат тизмедеги өзүнө чейинки талапкердики эмес болчу.

23-ноябрда Административдик сот Боршайкомдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык макамын кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан.

Активист Темирлан Ормуков сот анын Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалаган.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов “Мегаком” иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.