«Мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон, — Өмүрбек Текебаев

Окуялар тизмеги 24 Ноя 2020 10:07
0 ой-пикир

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу Ормуков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал эми мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын билдирди.

Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери өзү да ырастады. Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалады:

«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат».

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, соттун бул чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча сот чечими тууралуу маалымат бере элек.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда алган.

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.