Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды

Окуялар тизмеги 24 Ноя 2020 08:46
0 ой-пикир

Буга чейин активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган.

Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык сот Ормуковдун өтүнүчүн канааттандырганы белгиленди. Жогорку соттон бул чечим тууралуу кенен маалымат жакын арада берилерин билдиришти.

Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси боюнча  соттолгонунан улам ажыраган мандатын кайтарып алуу боюнча арызын берген. Буга ага карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, ишти кайра башынан кароого жөнөтүлгөнү негиз болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчынын арызын 15-октябрда канааттандырып, Текебаев кайра депутат болуп парламентке кайтып келген.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.