Улуттук Банк төрт күндөн бери катары менен интервенция жүргүздү. Доллардын курсу 84,90 сом болууда

Окуялар тизмеги 20 Ноя 2020 12:50
0 ой-пикир

Кыргызстандын Улуттук банкы соңку төрт күндөн бери катары менен интервенция жүргүзүп жатат. Кечээ, 19-ноябрда сатыкка дагы 3 миллион доллар чыгарылды.

Ноябрь айында бешинчи, ал эми жыл башынан бери 20-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 400 миллион доллардан ашуун каражат коюлду.

Интервенцияны башкы банк улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырат.

Бүгүн, 20-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,78 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Орус рублинин бүгүнкүгө расмий курсу 1 сом 11 тыйын деп аныкталды.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.