«Биз элди экиге бөлүп, карама-каршы турганга түртпөшүбүз керек», — Роза Отунбаева

Окуялар тизмеги 20 Ноя 2020 14:35
0 ой-пикир

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева бийликти Конституциянын сунушталган жаңы долбоорунун кемчиликтерин көргөзүп, ага альтернативалуу пикир айткандарды бийликтин душманы катары кабыл албоого чакырды. Бул тууралуу экс-президент 20-ноябрда Бишкекте өткөн жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Ушул кантип бут тосуу болсун? Эреже боюнча Конституциянын долбоорунун тексти чыкты. Биз аны талкуулап жатабыз. Анан алардын көз карашы менен макул болбосо эле бут тоскон болуп калабы? Биздин көз карашыбызда карама-каршылыктар болуп жатканы чын. Бирок биз консенсуска келгенге даярбыз. Биз элди экиге бөлүп, карама-каршы турганга түртпөшүбүз керек», — деди Отунбаева.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине 19-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берип, муну бут тосуу катары баалаган. Жапаров анда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү» деп белгилеген.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.