Акрам Мадумаров чек арага тийиштүү маселелерди кеңешмеде талкуулады

Окуялар тизмеги 20 Авг 2020 14:33
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров өлкөнүн чектеш райондорун өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен онлайн-кеңешме болуп өткөн, анын жүрүшүндө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча бир катар актуалдуу маселелер, анын катарында чек арага тийиштүү маселелер да талкууланды.

«Чек ара маселелерин чечүү Өкмөттүн бирден-бир артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Бюджеттеги тартыштыктарга карабастан, чектеш райондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасында пландаштырылган пункттарын каржылоо жана ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө турат», – деди Акрам Мадумаров.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.