Баткен: Чек арада жараат алган жарандын абалы оор

Окуялар тизмеги 08 Авг 2020 13:55
0 ой-пикир

Чек арада жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, облустук ооруканага барып, чек арада жараат алгандардан кабар алды. 

Жаркынбек Максутов  чек арачылардын жана чек аралаш аймакта жашаган ар бир тургундун, мамлекеттик чек араны коргоодо жана коопсуздукту камсыз кылууда салымы зор деп белгилеп, алардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.

Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун резервдик фондунан  акчалай жардам көрсөттү.

Учурда жараат алган чек арачынын абалы орто, ал эми  Көк-Таш айылынын тургунунун абалы оор деп бааланууда.

Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Укук коргоо органдары тарабынан ыкчам тергөө амалдары  жүрүүдө.

Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.