ДССУ: Коронавирус пандемиясы «узакка созулушу мүмкүн»

Аалам, Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 09:40
0 ой-пикир

Коронавирус пандемиясы «узакка созулуп», анын кесепеттери жакынкы ондогон жылдар бою сезилиши мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус билдирди.

ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар комитети коронавирус инфекциясына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал киргизилген январдын аягынан берки алты айдагы абалга баа берүү үчүн чогулду. Анын жыйынтыгында комитет азыр пандемия менен күрөшүп жаткан мамлекеттерде «күрөштөн чарчап калуу коркунучу бар экенин» эскертти.

Буга чейин айрым эксперттер менен саясатчылар, анын ичинде АКШнын президенти Дональд Трамп ДССУну эпидемияга карата өтө жай реакция кылды деп айыптап чыгышкан. Уюмдун башчысы жыйында эл аралык өзгөчө кырдаал Кытайдын сыртында коронавирустан эч ким каза боло электе жарыяланганын белгиледи.

Жонс Хопкинс институтунун эсебине ылайык, дүйнө боюнча вирус жуктургандардын саны 18 миллиондон ашып, 700 миңге жакын киши каза болду.

Кошмо Штаттар дүйнөдө коронавирустан эң жабыркаган мамлекет бойдон калууда. Бул өлкөдө COVID-19 илдетине 4,6 миллион адам кабылып, 154 миң киши көз жумду.

Жазында карантиндин жардамы менен бул илдетке каршы күрөштө ийгиликке жетишкен штаттарда да коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйүп жатат.

Түштүк Африка мамлекетинде бул ооруга чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашып, дүйнөдө бешинчи орунга чыкты. Алдыңкы беш орунда АКШ, Бразилия, Индия жана Россия жайгашкан.

Ал эми өлгөндөрдүн саны боюнча АКШ, Бразилия жана Мексика сап башында турат.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 36719ду түзөт. Алардын ичинен 27274 киши айыгып чыкты, 1409 адам каза болду.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун күнүмдүк отчетуна ылайык (Situation Report – 183, 2020-жылдын 21-июлуна карата), Кыргызстан коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча 62-орунда турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.