Кыргызстан коронавирустан каза тапкандар боюнча дүйнөдө канчанчы орунда экендиги айтылды

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 13:53
0 ой-пикир

Жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине жарыяланган «Кыргызстан COVID-19 вирусунан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты» аттуу маалыматка байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү жасады.

Белгилүү болгондой, тиешелүү кызматтар лабораториялык жактан тастыкталган (U07.1)  жана клиникалык, эпидемиологиялык жактан тастыкталган (U07.2) COVID-19 илдети боюнча статистиканы бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Буга байланыштуу, сандарда “курулай өрчүтүү” орун алган, бирок 2020-жылдын 17-июлунан баштап күн сайынкы тенденция суткасына 1000 учур кошулганын көрсөтүүдө, бул кескин көбөйүү эмес. Бирок статистика бириктирилгендиктен, 2020-жылдын 17-июлунда автоматтык түрдө COVID-19дун U07.2 маркасы боюнча 10 995 учур кошулду.

Мындан улам, эл аралык эсептегичтерде 1 жуманын ичинде оорунун жана өлүмдүн жаңы учурлары кошулду. Айрым өлкөлөрдүн Өкмөттөрү дагы мындай кадамга барып, алардын дагы статистикасы ушундай темпте өскөн.

Саламаттык сактоо министрлиги ошондой эле “New York Times” ресурсуна жайгаштырылган COVID-19дун глобалдык көбөйүшүн кароо боюнча коронакартаны талдап чыкты.

Көрсөтүлгөн таблицада Кыргыз Республикасы акыркы 7 күндөгү өсүштү эске алганда 1-орунда турат, тагыраагы 16 807 – бул 100 миң калкка 266 учурду түзөт, өлүмдөрдүн саны боюнча дагы ушундай эле. Маалыматтардын чагылдырылышынын тууралыгы үчүн Саламаттык сактоо министрлиги ушул эле сайтка бир жумадан кинйин, статистика жаңылангандан кийин, кирип көрүүнү сунуштайт.

Ошол эле учурда, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун күнүмдүк отчетуна ылайык (Situation Report – 183, 2020-жылдын 21-июлуна карата), Кыргызстан коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча 62-орунда турат (каза тапкандардын санын COVID-19 аныкталган жалпы адамдардын санына бөлүп, 100%га көбөйтүү формуласын колдонууда). Эгерде формуланы 1 млн калкка колдонсо, анда биздин өлкө 30-орунда болот (https://www.worldometers.info/coronavirus/).

«Анын үстүнө Саламаттык сактоо министрлиги амбулатордук шарттарда дарылануу алган жана алып жаткан жактарды дагы эсептейт, мындан улам, өлүмдүүлүк дагы да тагыраак эсептелет. Жарандардын арасында орун алган паника жараткан маанайга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарын алгачкы учурду каттоо күнү, жалпы калктын же ооругандардын санына салыштырмалуу, экономиканын өнүгүшү сыяктуу белгилүү бир көрсөткүчтөр боюнча салыштырууну эске алуу менен маалыматтарды туура интерпретациялоого дагы бир ирет чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.