Казакстанда коронавирус менен пневмония чогуу эсептеле баштады

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 19:22
0 ой-пикир

Бүгүндөн баштап Казакстанда коронавирус жана пневмония боюнча өз алдынча жүргүзүлгөн статистика бириктирилди. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 1-августта 6407 илдетке чалдыккан адам катталып, 66 киши көз жумду.

Бирок, министрлик өлкөдө COVID-19 менен пневмониядан жабыркагандардын жалпы санын жарыялаган жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 90 367 кишиге жетип, 793 бейтап каза болду.

Буга чейин пневмония менен коронавируска чалдыккандардын саны 1-августтан баштап чогуу эсептелерин Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Бирок ал көрсөткүчкө буга чейин пневмониядан жабыркагандардын же өлгөндөрдүн саны кошулбайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пневмония менен ооруп жаткандарды коронавирус катары каттоо 16-июлдан баштап жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 420 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 36719ду түзөт. Алардын ичинен 27274 киши айыгып чыкты, 1409 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.