«Атам колдон келген аракетин кылууда». Саида Мирзиёева мекендештерине кайрылды

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 09:52
0 ой-пикир

Бакубат жашап жаткан элибиз, ушул тапта эмне кыларын билбей, кайгыга батып турат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдун кызы Саида Мирзиёева Курман айт күнү мекендештерине кайрылды.

«Урматтуу мекендештер! Бүгүн бардык мусулмандар үчүн ыйык майрам — Курбан Айт. Алты ай мурун биз бактылуу элек. Баары өзгөрүлгүс, түбөлүктүү жана түшүнүктүү көрүнгөн. Кайда барыш керектигин, эмне кылыш керектигин, эмне менен күрөшүү керектигин, эмнеге кубанарыбызды билчүбүз. Бүгүн бүт өлкө дүрбөлөңгө түштү. Биздин Өзбекстан ооруп жатат жана бул биздин ар бирибизге таасирин тийгизди. Күн сайын кимдир бирөө жакынын жоготконун укканда жүрөк сыздайт. Жакындарынан айрылгандардын баарына көңүл айтам. Азыр ооруга каршы эр жүрөктүк менен күрөшүп жаткандарга айыгып кетүүнү жана аларга кам көргөндөргө чыдамдуулук каалаймын. Азыр болгон күчүбүздү топтоп, жакшы күндөрдү күтүшүбүз керек. Ал күндөрдүн тезирээк кайтышы үчүн президентибиз колдон келген аракетин кылууда. Ал ар бир суук кабарды кайгыруу менен кабыл алууда. Анткени силер президент үчүн бир чоң үй-бүлөсүңөр! «- деп жазган Мирзиёева өзүнүн Telegram каналына.

Ошондой эле президенттин кызы пандемия башталгандан бери тикесинен тик туруп оору менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге терең таазим этерин кошумчалаган.

Өзбекстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 24 миңден ашты. 14 миңден ашуун адам айыгып чыкты. 141 киши илдеттен көз жумду. Карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылган. 

Эскерте кетсек, 35 жаштагы Саида Мирзиёева 2019-жылы президенттин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинде жетекчинин орун басары болуп дайындалган. Бул агенттик өлкөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын тескеп, көзөмөлдөйт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.