Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылды

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 11:20
0 ой-пикир

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылды. Мурунку чечим боюнча чектөөлөрдүн мөөнөтү 1-августта бүтмөк.

Карантин учурунда массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короодо үчтөн ашык адам чогулбоого, сөзсүз түрдө беткап кийүүгө милдеттүү. Жашы 65тен өтүп калган адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталды.

15-августка чейин коомдук транспорт жүрбөйт, буюм саткан базарлар менен ири соода түйүндөрү иштебейт.

Парктар, фитнес жана машыгуу залдары, бассейндердин ишине да тыюу салынды. Коомдук тамактануучу жайларга тамакты даярдап, жеткирип берүүгө гана уруксат берилди.

Бала бакча, окуу жайлардын иши жанданбайт.

Чачтарачтар менен сулуулук салондорунун ишине уруксат жок. Санаторийлер, пансионаттар, балдардын эс алуу лагерлери, жатаканалар, мейманканалар, пляж жана башка эс алуу жайларынын ишине тыюу салынат.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-июлдан тартып чектөөлөрдүн узартылышы коронавирустун жайылуусун азайтууга мүмкүнчүлүк берди.

Оору жуктургандардын саны азайып, сакайгандар көбөйдү.

Өзбекстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 20,5 миңден ашты. 11 миңден ашуун адам айыгып чыкты. 116 киши илдеттен көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.