Гонконгдогу парламенттик шайлоо жылдырылды

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 21:52
0 ой-пикир

Гонконгдогу парламенттик шайлоо 2021-жылдын 5-сентябрына жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

«Гонконгдо буга чейин 2020-жылдын сентябрына белгиленген парламенттик шайлоо коронавирустун чыгышына байланыштуу кийинкиге калтырылат»- деп айтылат маалыматта.

Гонконг администрациясынын башчысы Керри Ламдын айтымында, шайлоо 2021-жылдын 5-сентябрында өтөт. Ал кошумчалагандай, мындай чечим Кытай өкмөтүнөн колдоо алган.

31-июлга карата өлкөдө коронавирустун 3273 учуру катталган, 27 адам каза тапкан.

Эскерте кетсек, буга чейин коронавирус пандемиясынан улам АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик шайлоону 2020-жылдын 3-ноябрына жылдырууну сунуш кылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.