Америка Кошмо Штаттарында шайлоону жылдыруу сунушталды

Аалам, Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 11:01
0 ой-пикир

Дональд Трамп президенттик шайлоону жылдыруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.

«Электрондук почта аркылуу добуш берүү менен быйылкы президенттик шайлоо – Американын тарыхындагы эң бурмаланган шайлоо болот. Бул АКШ үчүн аябай осол нерсе. Балким шайлоону эл мурдагыдай коопсуз жана тынч добуш бере ала турган убакка чейин жылдыруу керектир?»_ деп жазган АКШнын президенти.

Эскерте кетсек, Американын президентин шайлоо быйыл 3-ноябрга белгиленген. Шайлоо өнөктүгү федералдык мыйзам аркылуу тескелет.

Добуш берүү күнүн Конгресс аныктайт. Учурда Конгресстин төмөнкү палатасын президентке оппозиция – Демократиялык партия жетектейт.

«The New York Times» басылмасы Ак үйдүн шайлоону жылдырууга укугу жок экенин белгилөөдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.