Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 17:15
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-июлда Борбордук шайлоо комиссиянын кезектеги отурумунда Жогорку Кеңешке депутаты Чыныбай Турсунбековдун каза болгондугуна байланышту ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Вакант мандаты КСДП тизмесинде турган кезектеги талапкер Сталбек Молдалиевге тапшырылды. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда 60 жаш курагында пневмониядан улам көз жумган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.