6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду.
Ал эки тараптуу пневмония менен жабыркап, бир нече күндөн бери өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратында болгон. Кечээ, 5-июлда анын абалы оор экендиги айтылган.
Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. 2016-2017 ж.ж Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
Elgezit.kg редакциясынын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.