30-июль: коронавирустан 17 бейтап кайтыш болду, жаңы 631 учур катталды

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 11:18
0 ой-пикир

Кыргызстанда 30-июль саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 631 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 35 миң 143 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 118
  • Ош – 89
  • Чүй облусу – 81
  • Ош облусу — 74
  • Талас облусу – 27
  • Нарын облусу – 13
  • Ысык-Көл облусу – 94
  • Жалал-Абад облусу – 85
  • Баткен облусу — 50 адам.

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 17 адам каза тапты. Акматованын айтымында, Бишкекте 9, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 2 жана Жалал-Абад облусунда 4 адам илдеттен көз жумду

Белгилей кетсек, бүгүн 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү өтүп жатат. Буга байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү элчилик, консулдуктарында мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде илдеттен каза болгондордун урматына куран окулду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1364 адамга жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.