«Ата-Бейитте» аза күтүү иш-чарасы өттү. ФОТО

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 09:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-июлда, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгондордун элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин апппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.

Маркумдарга багышталып Куран окулду.

Белгилей кетсек, бүгүн 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү өтүп жатат. Буга байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү элчилик, консулдуктарында мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга оюн-зоок, көңүл ачуучу программаларды уюштурбоо сунуш кылынган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза тапты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.