Алмашып калган. Сузакта коронавирустан каза болгон аялдын сөөгү кайра казылды

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 13:38
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустан каза болгон аялдын сөөгү бир күндөн кийин кайра казылды.

Окуянын чоо-жайын “Турмуш” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын 54 жаштагы тургуну COVID-19 инфекциясынан каза тапкан. Маркумдун жаназасы окулуп, сөөгү мүрзөгө коюлган.

Бирок сөөгү жерген берилген маркум Барпы айыл өкмөтүнүн илдеттен көз жумган жашоочусу болуп чыккан. Жакындары ишемби күнү түшкө жакын өлүкканага келип, сөөктү таппай калышкан. Мына ошондо сөөк алмашканы белгилүү болгон.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын патология бөлүмүн башчысы Жунусбек Ташболотов маркумдар кандайча алмашып калганын айтып берген.

“Таштак айылынан келгендер сөөктү өздөрү жууп алып кетүүнү суранышты. Атайын кийимдерди алып келишип, аялдын кызы, жакын эки аял кирип, сөөктү жууп чыгышкан. Иниси четте карап, айтып турган. Мүрзө даяр болуп калганын айтышып, сөөктү тез эле алып кетишти. Эртеси барпылык аялдын жакындары өлүкканадагы сөөк алардыкы эмес экенин, колунда «Б» деген белгини таба алышпаганын айтып, ызы-чуу түшүп калышты. Анан сөөктү издеп баштадык. Таштак айылына сөөк алып кеткендерди чакырдык. Маркумдун уулу келип, муздаткычта турган сөөктү көрүп, «апам бул жерде жатат» деп таң калды. Барпылык аялдын туугандарынан жаңылышып калганын айтып кечирим сурады. Жума күнү бизде чынында жумуш оор болгон. Анткени бир күндө ооруканада 8 адам каза болгон. Аялдардын улуусу 73 жашта, жаш келин жана 50 жаштын тегериндеги эки аял эле. Жашташ болгон аялдар бир аз окшош болгондуктан жаңылыштык кетирип алышты. Сөөктү кайра алып келишти», — деди башкы врач.

Эске сала кетсек, буга чейин коронавирустан кайтыш болгон чоң атасынын сөөгүн алуу үчүн өлүкканага барган бишкектикке башка адамдын сөөгүн берип коюшкандыгы айтылган. Алар маркумдун сөөгүн жерге бергенге чейин алмаштырганга үлгүрүшкөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 33 миң 296га жетти. Илдеттен жалпы 21 миң 205 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1301ди түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.