Өлүкканада бизге башка адамдын сөөгүн берип коюшуптур, — маркумдун жакындары

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 14:20
0 ой-пикир

Баш калаада жайгашкан өлүкканада коронавирустан каза болгон маркумдун сөөгүн алмаштырып коюшкан.

Media Center агенттиги жарыялаган маалыматта, илдеттен кайтыш болгон чоң атасынын сөөгүн алуу үчүн өлүкканага барган бишкектикке башка адамдын сөөгүн берип коюшкандыгы айтылат. 

«Кечээ бизге башка адамдын сөөгүн берип коюшуптур. Эгерде үй-бүлөбүз ооруп, айыкпаганда жана пакетти ачпаганыбызда анда биз башка адамды көмүп коймокпуз. 

Чоң атамдын сөөгү эч кимге берилип кетпептир жана бизге башка адамдарды издегенге туура келген жок. Апам башка адамдын сөөгүн өткөрүп, чоң атамды алып кетти. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүкканадан адамдын сөөгүн берүү тартибин өзгөртүшү керек», — деген ал.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында коронавирустан каза болгон туугандарын алып кетиш үчүн өлүккананын кызматкерлери 300 долларга чейин акча талап кылып жаткандары тууралуу маалыматтар чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.