Арсен Бакытбаев — атайын Elgezit.kg үчүн
Май айынын акырында эл аралык окумуштуулар тобу автор болгон Science деп аталган илимий журналда беткап тагынуунун эффективдүүлүгү тууралуу макала чыкты. Окумуштуулар беткап тагынуу зарыл деген тыянакка келишкен. Илдетти жуктуруп алып, бирок оорусу билинбей жүргөндөр айланадагылар үчүн коркунуч булагы болуп, эпидемия каптаган.
Бийлиги беткап тагынуу боюнча катуу талап койгон, беткапты милдеттүү түрдө тагынып жүргөн жарандар жашаган өлкөлөрдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны аз. Бул маалыматтардан соң Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) дагы сунуштарын кайра карап чыкты. Июнь айынын башында ММКЛар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык жарандарга беткап тагынууну сунуштап, социалдык аралыкты кармоого мүмкүн болбогон жерлерде милдеттүү түрдө маска тагынуу керектигин билдирди.
А бизде кандай? Алдын алуу чаралары болгон беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо формалдуулук боюнча калууда.
Массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы менен эл той-топур, өлүм-житимге чогулууда. Ал эми бул кадамдарды сындагандарга: “Биз салтты сактап жатабыз, тоскоол болбогула” деген жооп угуп жатабыз.
Аткаминерлер өздөрү баш болуп, бул талаптарды бузганы да өкүндүрөт. Мисалы, 11-июлда борбордогу “Кайнар” ресторанында Өмүрбек Бабанов эжесине куран окуткан, ал жакка бир катар аткаминерлер барган. Ал эми журналисттер тартып алган сүрөттөрдө адамдар беткабы жок эле кирип-чыгып жүргөнүн көрүүгө болот.
Ал эми социалдык тармактарда болсо ар кандай абалдарда беткап тагынбай жүргөн учурлар тартылган сүрөттөр көп чыгууда. Мисалы, Өкмөт үйүнүн алдында Өкмөт кызматкерлеринин топтошуп алган сүрөтү.
Эл дагы башкаруучулардан кем калбай эле. Көйгөйдүн канчалык деңгээлде экенин билүү үчүн көчөгө чыгуу жетиштүү. Адамдар базарларда, аялдамаларда, коомдук жайларда беткапсыз жүрүшүүдө. Ал эми социалдык аралык боюнча кеп кылып да кереги жок. Базарга же дүкөнгө барууда социалдык аралыкты сактоо такыр мүмкүн эмес, эл болбой эле топтошуп жатышат.
Белгилей кетчү нерсе, ДССУ расмий түрдө билдирет – социалдык аралык вирус өпкөгө кирбейт дегенге кепилдик бере албайт, себеби вирустун кичине бир бөлүгү болсо дагы адамга жабышышы мүмкүн.
Жакшы таасир берүүчү бир жол – айлананы коопсуздук кылуу – башкача айтканда, беткап тагынуу. Германия, Австрия, Франция, Испания, Чыгыш Европа өлкөлөрү, Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөр беткап тагынбагандарга айып пул салууда.
Биздин коңшу Казакстанда деле беткап тагынбагандарга айып пул салынууда. Кыргызстан дагы беткапты сөзсүз тагынуу керектигин түшүнүүсү керек.
Бул жерде беткаптардын элге жеткиликтүү болбогонунда дагы маселе жаралууда. Жана бул көйгөйдү чечүү – мамлекеттин милдети. Ошол эле Түркияда, Германияда жана башка бир катар өлкөлөрдө, мисалы Россияда беткаптарды бекер таратышууда.
Ал эми бизде болсо эпидемия башталгандан бери беткаптардын баасы алда канча жогорулап, жеткиликсиз болуп калды. Ал эми көчөгө ташталган кир беткаптар коркунуч булагы экени байма-бай айтылып, сүрөттөр чыгууда. Азыркы абалда кимдир бирөөнүн беткап сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Себеби Кыргызстанда тыйын эсептеп жашагандар аз эмес. Айрымдар болсо беткап тагынууга көңүл кош карашууда. Мунун натыйжасында баары жапа чегүүдө.
Кыргызстанда N95 FFP2 коргоосу бар беткаптар дагы чыгарылары белгилүү болду. Бул тууралуу президент Жээнбеков фабрикага баргандан кийин белгилүү болду.
Бирок сатыкта алардын өнүмү болгон жок. Эмнеге? Себеби аларга уруксат сертификатын беришкен эмес. Ата мекендик өндүрүштөгү маскалар арзан болмок, бир даанасы 25 сом. Ал эми Кытайдан алып келинген беткаптар 75 сомдон 110 сомго чейин болууда.
Бул жерде бир курч суроо туулууда, уруксат берүү сертификаттарын берүүгө ким же эмне тоскоол болду? Кагазга кол коюп коюу үчүн же “ыраазычылык” күтүштүбү?
Аягында эки фактты белгилеп коюу керек. Беткап азыр оорунун алдын алуунун бирден-бир жолу. Эпидемия болуп жаткан маалда мамлекет коргонуу каражаттарын жеткиликтүү кылышы керек. Демек, Өкмөт майнапсыз иш менен алек болбой, медициналык беткаптар менен камсыз кылып, аларды жеткиликтүү кылуу керек.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.