Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилет

Окуялар тизмеги 26 Июл 2020 19:40
0 ой-пикир

69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров кечээ, 25-июлда түрмөдө каза болду. Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, ал пневмония оорусуна кабылган. 

Маркумдун керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилет.

Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуяларында «массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Быйыл 13-майда Жогорку сот ага карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.