ЖАМК Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча билдирүү таркатты

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 16:50
0 ой-пикир

Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров бүгүн, 25-июлда камакта каза тапты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) анын өлүмү боюнча маалымат таркатты.

Мекеменин маалыматына караганда, Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлган. Ал 24-июлда жазасын өтөп жаткан №19 абактан №47 түзөтүү мекемесине «Тез жардам» менен жеткирилип кычкелтек концентраторуна жаткырылган.

«Анын сатурациясы 80-83 көрсөткөн. Бирок ал каршылык көрсөтүп, кислороддук концентратордун маскасын айрып салган. Аскаров нөөмөттөгү дарыгердин көзөмөлүндө болчу. 25-июль эртең мененки саат 9:30да Аскаров кайра кислороддук концентраторду өчүрүп салган. Саат 10:30 каза болгону аныкталды. Анын дарылануудан баш тартканы тууралуу тиешелүү актылар түзүлдү. Аскаровдун сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн соң эмнеден каза болгону тууралуу так маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында «массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.