69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров кечээ, 25-июлда түрмөдө каза болду. Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, ал пневмония оорусуна кабылган.
Маркумдун керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилет.
Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуяларында «массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Быйыл 13-майда Жогорку сот ага карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.