ВИДЕО: «Айя Софияда» 86 жылдан кийин биринчи ирет жума намаз өттү

Аалам, Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 22:38
0 ой-пикир

Стамбулдагы тарыхый «Айя София» музейинде 86 жылдан бери алгачкы ирет жума намаз окулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

24-июлдагы жума намазга президент Режеп Тайип Эрдоган баш болгон жетекчилер катышты. Кысыклыдагы турак жайынан чыгып Түркия убактысы боюнча саат 12:00 чамаларында Айя Ссофия аянтына келген Эрдоганды жарандар кол чабуу менен тосуп алды.

Президент Дин иштери башкармалыгы тарабынан мечитте уюштурулган программада Куран  —  Карим окууларын укту. Андан кийин Айя София  —  и Кебир Жами –и Шерифинин 4 мунарасында 4 муаззин бирдикте намаз окушту. Мунаралардан чыккан селалардан кийин президент Эрдоган Фатиха сурөсүн жана Бакара сүрөсүнүн биринчи 5 аятын окуду. Жамаат Дин иштери башкармасы Али Эрбаштын коштоосунда дуа кылды

Программа Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын башчысы Али Эрбаштын сүйлөгөн сөзү менен аяктады

Храм алдындагы Султан Ахмет аянтына миңдеген мусулмандар чогулуп, бирок санитардык эрежелерден улам ичине 500дөн ашык киргизилген жок.

Белгилей кетсек, байыркы заманда православдардын кафедралдык собору болгон «Айя Софияны» эки жума мурун мечитке айлантуу чечими кабыл алынган.

10-июлда Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган «Айя Софияны» музейге айлантуу чечимин жокко чыгарган. Мындан ары имарат мечит катары элге ачылары жарыяланган.

Айя-София 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Туристтер көп келген жайлардын бири. Эрдоган мечит туристтер үчүн ачык болорун айтып келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.