Стамбулдагы Айя-София музейи мечит катары ачылды

Аалам, Окуялар тизмеги 11 Июл 2020 11:15
0 ой-пикир

Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 10-июлда чыгарган чечими менен Стамбулдагы атактуу Айя-София музейи мечит катары элге ачылары жарыяланды.

«Азаттык» жарыялаган маалыматта, 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган Айя-Софияны мечиттен музейге айлантуу тууралуу чечимди жокко чыкканы айтылат. Мындан ары Айя-София имараты Фатих Султан Мехмет Хан фондуна таандык болгонун кабарлады.

1453-жылы Султан Мехмет II башында турган осмон түрктөрү Константинополду каратып алгандан кийин Айя-София мечитке айланган. Ошондой эле мурдагы чиркөөнүн төрт тарабына төрт мунара тургузулган. Осмон империясынын тушунда дээрлик беш кылым бою Айя-София мечити мусулмандар үчүн Меккедеги Каабадан кийинки эле экинчи ыйык жай болуп турган.

Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган.

Айя-София 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Туристтер көп келген жайлардын бири.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.