Маркумдун жакындарынан акча талап кылган моргдун кызматкерлери кармалды

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 18:49
0 ой-пикир

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлеринин опузалап акча талап кылууга тиешеси бардыгы такталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Айрым маалымат каражаттарында коронавирустан каза болгон туугандарын алып кетиш үчүн өлүккананын кызматкерлери акча талап кылып жаткандары тууралуу маалымат чыккан. Бул факт ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктундагы (алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун бюросунун кызматкерлери 1967-ж.т. К.А., 1974-ж.т. Д.Н. жана 1977-ж.т. Н.К. бул кылмышка тиешелүү экендиктери аныкталды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алардын кыймыл аракетине юридикалык баа берүү багытында тергөө иштери улантылууда.

Эске салсак, 19-июль күнү  журналист Хулькар Исамова коронавирустан каза болгон күйөөсүнүн сөөгүн уулу моргдон сатып алганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Айтымында, анын уулунан атасынын өлүгүн сойдурбоо үчүн моргдун кызматкерлери акча талап кылышкан.

«Бүгүн уулум өлүкканадан атасынын сөөгүн сатып алышканын айтты. Сойдурбаш үчүн уулуман 20 миң сом сурашкан. Бирок ал 10 миң сомго сүйлөшүп, санитаркаларга 3 миң сом (башында 6 миң дешкен) беришкен», -деп жазган Исамова. 

Адамдардын кайгысынан акча жасалып жатканын Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы да тастыктаган. Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюронун өлүкканасында опузалап акча алуулар аныкталган.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгы сотко чейинки териштирүүнү маркумдун сөөгүн ачпастан өткөрүп берүү үчүн жакындарынан 300 доллар алган фактыны аныктаган.

Протокол боюнча Кыргызстанда COVID-19 жана пневмониядан каза болгондордун сөөгүсоюлуш керек. Аларды жакындарына өткөрүп берерден мурда дезинфекциялап, атайын целлофанга орошот. Аны эч ким ачпашы керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.