Адам кайгысынан акча жасагандар ачыкталды

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 20:26
0 ой-пикир

Айрым маалымат каражаттарында коронавирустан каза болгон туугандарын алып кетиш үчүн өлүккананын кызматкерлери 300 долларга чейин акча талап кылып жаткандары тууралуу маалымат чыкты.

Оштун атын атагысы келбеген тургунунун айтымында, 18-июлда Бишкектеги Фучик (шаардык №1 оорукана) ооруканасында анын аяш энеси каза болгон. Кийин сөөктү алып кетүү үчүн маркумдун жакындары морго барганда, алардан 15 000 сом (200 доллар) сурашкан.

«Досумун апасы ооруканада операция болгондон кийин эле пневмония болуп калды. Дарыгерлер үйдө дарыланса болот деп чыгарышкан. Тилекке каршы, оорусу күчөп кетип кайра алып барыш керек болду. Оорукана таппай, 50 миң сомго сүйлөшүп жаткырышыптыр. Эки күндөн кийин эле, тагыраагы 18-июлда аяш энебиз кайтыш болуп калды. Ал жакта моргдон алып чыгыш да азап экен, ага да акча сурашат экен. Өлүктү сойдурбаш үчүн 200 доллар беришиптир», -дейт ал. 

19-июль күнү  журналист Хулькар Исамова коронавирустан каза болгон күйөөсүнүн сөөгүн уулу моргдон сатып алганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Айтымында, анын уулунан атасынын өлүгүн сойдурбоо үчүн моргдун кызматкерлери акча талап кылышкан.

«Бүгүн уулум өлүкканадан атасынын сөөгүн сатып алышканын айтты. Сойдурбаш үчүн уулуман 20 миң сом сурашкан. Бирок ал 10 миң сомго сүйлөшүп, санитаркаларга 3 миң сом (башында 6 миң дешкен) беришкен», -дейт Исамова. 

Адамдардын кайгысынан акча жасалып жатканын Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы (Финполиция) да тастыктады. Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюронун өлүкканасында опузалап акча алуулар аныкталган.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгы сотко чейинки териштирүүнү маркумдун сөөгүн ачпастан өткөрүп берүү үчүн жакындарынан 300 доллар алган фактынын негизинде жүргүзүүдө.

Иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу» деген 238-беренеси менен каттоого алынды.

Эскерте кетсек, жалпысынан Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 28 миң 251ге жетти. Илдеттен жалпы 14 миң 776 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1079ду түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.