Чек арадагы коррупцияны ашкерлеген офицер каза болду

Окуялар тизмеги 22 Июл 2020 10:45
0 ой-пикир

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов 38 жашында кайтыш болду. Жакындарынын айтымында, анын жүрөгү кармап, ооруканага жетпей көз жумган.

Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштер жөнүндө коркпой айтып чыккан. 2019-жылдын 27-ноябрында ал басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштерди ачыкка чыгарган. Офицердин билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүнө алынган.

Анын негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, айтылгандарды текшерүү үчүн курамына УКМКнын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кошулган ыкчам тергөө тобу түзүлөрү айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.