Өзбекстанда коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга дары-дармек бекер таратыла баштады

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 19:36
0 ой-пикир

Өзбекстанда 21-июлдан тарта коронавирустан үй шартында дарыланып жаткан бейтаптарга бекер дары-дармек таратыла баштады.

Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Координациялык кеңешинин төрагасы Хабибулла Акилов билдирди.

Анын айтымында, Ташкенттеги бейтаптар үчүн медикаменттер салынган 5000 куту даярдалды.

Буга чейин Өзбекстан өкмөтүнүн чечими менен үй шартында дарыланып жаткан бейтаптарга дары-дармектер бекер берилери айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.