COVID-19: өзбек өкмөтү үйдө дарыланып жаткандарга дары-дармекти акысыз берет

Окуялар тизмеги 18 Июл 2020 13:07
0 ой-пикир

Өзбекстанда COVID-19вирусун жугузуп алып, үйүндө дарыланып жаткандарга мамлекет дары-дармектерин акысыз камсыздап берет. Мындай чечим өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынды.

Кечээ, 17-июлда коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн штабдын жыйынында үй карантининде дарыланып жаткандарга акысыз берилүүчү дары-дармектердин тизмеси бекитилди. Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.

Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат. Азырынча COVID-19 вирусун жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткан адамдардын саны тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Белгилей кетсек, бүгүн 18-июлга карата Өзбекстанда 289 адам коронавируска чалдыкканы айтылды. Бир киши илдеттен көз жумду.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 15 896 адам. Ооруну жуктуруп алган 80 бейтап көз жумду. 9003 адам оорудан сакайды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.