Ташиев: Мени 21 жаштагы ыктыярчы Мырзабекова дарылаган

Окуялар тизмеги 20 Июл 2020 22:10
0 ой-пикир

Бишкекте күндүзгү стационарда ыктыярчы медкызматкер болуп иштеп жүрүп көз жумган кыз Камчыбек Ташиевди дарылаганы белгилүү болду. Бул тууралуу саясатчы өзү «region» телеканалына берген маегинде айтып берген.

«Буга чейин, бул тууралуу эч жерде айткан эмесмин. Мени каза тапкан 21 жаштагы Адинай дарылаган эле. 6 күн жаттым. Ал кыз тынымсыз кыймылдап жүрдү. Анын тагдырына балким биз ооруган адамдар күнөөлүү болуп калдыкпы деп ойлонуп кетем. Тез-тез кыймылдаган, тарбия көргөн кыз болчу. Бир жолу байкап калдым. Абдан чарчаптыр. Коргоочу көз айнегиңди чечип, териңди аарчып дем алып алчы десем. “Жок байке, чечүүгө болбойт” деген эле.

Ага атак-даңктын, акчанын деле кереги жок болчу. Жүрөгү тазалыгынан адамдарды сактап калам деп жүрүп, өзүнүн ооруга кабылганын байкабай калды.

Мен дарыгерлердин баарына терең ыраазчылык билдирем”, – деди Ташиев.

Эске салсак, 21 жаштагы Адинай Мырзабекова 14-июлда, жаш ыктыярчылардын катарында обсервацияда бейтаптарга жардам берип жүрүп, көз жумган. Өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.