Медакадемиянын студенти Мырзабекова «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 23:23
0 ой-пикир

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

21 жаштагы Адинай Мырзабекова кечээ, 14-июлда, жаш ыктыярчылардын катарында обсервацияда бейтаптарга жардам берип жүрүп, көз жумган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.