Ош шаардык сотунун судьясы Шекербек Кадыркулов пневмониядан көз жумду

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 17:14
0 ой-пикир

Ош шаардык сотунун судьясы Шекербек Кадыркулов 54 жашында пневмониядан каза болду.

Буга чейин Ош шаардык сотунун 2 судьясы пневмония, 7 кызматкери коронавирус илдетине кабылгандыгы маалымдалган. 15-июлда соттун имараты карантинге жабылган.

Оорудан каза болгон судья Кадыркулов 1966-жылы 16-январда Чүй облусунун Чүй районундагы Мураке айылында туулган. 1983-жылы Москва районундагы Ленин атындагы орто мектепти аяктаган. 1986-1991-жылдары Фрунзе шаарындагы Свердлов райондук аткаруу комитетинде милиция кызматкери болуп иштеген. 1993-1997-жылдары Ички иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебинде окуган.

— 1993-1998-жылдары Чүй облусунун Москва районунда тергөөчү болуп эмгектенген;

— 1998-1999-жылдары Ош облусунун ички иштер башкармалыгында улук тергөөчү болгон;

— 1999-2001-жылдары Ош облусунун Араван районунун ички иштер башкармалыгында жетекчи болгон;

— 2001-2003-жылдары Ош облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеген;

— 2003-2007-жылдары Ош облусунун Өзгөн районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгек өтөгөн;

— 2007-2008-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон. Ушул эле жылдары Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында улук тергөөчү болуп иштеген;

— 2008-2016-жылдары Чүй облусунун шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган;

— 2016-жылдын 27-апрелинен баштап, Ош шаардык сотунда судьясы болуп эмгектенип жаткан.

Өлкөнүн сот тутуму маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.