Ош шаардык соту карантинге жабылды

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 15:21
0 ой-пикир

Ош шаардык соту 15-июлдан тартып белгисиз мөөнөткө карантинге жабылды.

«Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдиргендей, шаардык сотто отурумдар 11-июлда эле токтогон. Мекеме абал турукташканча жабык болот.

«Оору жуккан эки судьянын бири өтүп кеткен. Эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган экинчи судья да бүгүн эртең менен каза болуп калды деген кабар келди. Дагы бир судьяга бир тараптуу пневмония деген диагноз коюлган. Ал азыр дарылануусун улантууда. Мындан тышкары, аппараттын жети кызматкеринен оору аныкталган болчу», — деди Осмонкулов.

Ош шаардык соту санитардык-эпидемиологиялык кызматтын корутундусунун негизинде жабылгандыгы белгиленген.

Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан 571, коронавирустан 160 бейтап каза болду

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.