Коронавирус дагы бир дарыгердин өмүрүн алды

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 13:33
0 ой-пикир

Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын инфекционист дарыгери Шайназар Закиров 53 жаш курагында коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, маркумдун артында үч баласы калды.

Закиров Шайназар Абдукаримович 1966-жылы 28-сентябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Жоош айылында туулган. 1987-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Мамлекеттик медицина академиясына тапшырган. 1996-жылы Кара-Суу райондук борбордук ооруканасында педиатр дарыгер болуп иштеп, 2012-жылдан тарта азыркы күнгө чейин Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын инфекционист дарыгери болуп иштеп жүргөн.

Эске сала кетсек, акыркы сутка ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Темиркан Жарматова дагы COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.