COVID-19: бир суткада илдет 1654 адамдан табылды, 83ү кайтыш болду (жаңыланды)

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 12:55
0 ой-пикир

Бүгүнкү күндөн тарта Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандар менен пневмония оорусуна чалдыккандардын статистикасы бириктирилип берилип баштайт.

COVID-19 боюнча каттоо статистиканын өзгөрүшүнө ылайык, эки код киргизилди:

  • U07.1 – лаборатордук негизде тастыкталган COVID-19 (ПЧР+);
  • U07.2 – клиника-эпидемиологиялык COVID-19 (ооруканадан тышкаркы пневмония).

Жаңы статистика боюнча сутка ичинде коронавируска жана пневмонияга чалдыккан 1 654 бейтап катталды:

Бишкек — 613
Ош – 67
Чүй облусу – 272
Ош облусу — 125
Талас облусу – 76
Нарын облусу – 39
Ысык-Көл облусу – 234
Жалал-Абад облусу – 134
Баткен облусу — 94 адам.

Ошентип 17-июлга карата өлкөдө COVID-19 инфекциясына жана пневмонияга чалдыккан адамдардын саны 23 783дү түздү.

Ал эми жаңы статистика боюнча COVID-19 илдетинен бир суткада 83 адам кайтыш болду.

Жаңы катталган учурлардын ичинен:

Бишкек – 33
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 9
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 17
Жалал-Абад облусу – 11
Баткен облусу – 1 адам көз жумду.

Жалпы каза болгондордун саны 785 адамды түздү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.