Бүгүнкү күндөн тарта Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандар менен пневмония оорусуна чалдыккандардын статистикасы бириктирилип берилип баштайт.
COVID-19 боюнча каттоо статистиканын өзгөрүшүнө ылайык, эки код киргизилди:
- U07.1 – лаборатордук негизде тастыкталган COVID-19 (ПЧР+);
- U07.2 – клиника-эпидемиологиялык COVID-19 (ооруканадан тышкаркы пневмония).
Жаңы статистика боюнча сутка ичинде коронавируска жана пневмонияга чалдыккан 1 654 бейтап катталды:
Бишкек — 613
                  Ош – 67
                  Чүй облусу – 272
                  Ош облусу — 125
                  Талас облусу – 76
                  Нарын облусу – 39
                  Ысык-Көл облусу – 234
                  Жалал-Абад облусу – 134
                  Баткен облусу — 94 адам.
Ошентип 17-июлга карата өлкөдө COVID-19 инфекциясына жана пневмонияга чалдыккан адамдардын саны 23 783дү түздү.
Ал эми жаңы статистика боюнча COVID-19 илдетинен бир суткада 83 адам кайтыш болду.
Жаңы катталган учурлардын ичинен:
▪Бишкек – 33
                  ▪Чүй облусу – 7
                  ▪Ош облусу – 9
                  ▪Талас облусу – 2
                  ▪Нарын облусу – 3
                  ▪Ысык-Көл облусу – 17
                  ▪Жалал-Абад облусу – 11
                  ▪Баткен облусу – 1 адам көз жумду.
Жалпы каза болгондордун саны 785 адамды түздү.


