Венгрия коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Бишкекке жумушчу сапары менен келген.
Венгриянын ТИМ башчысы венгер тарабынын жакынкы аралыкта Венгриянын КРдагы толук кандуу элчисин дайындоо ниетин айтты. Венгриянын КРдагы элчилигинин Европа Биримдигинин кээ бир өлкөлөрү үчүн алардын өтүнүчү менен виза маселелерин кароого даярдыгы билдирилди.
Ошондой эле венгер тарабы Австрияда жашаган КР жарандары берип жиберген жардамды дагы алып келди.
П.Сийяртонун сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн Дипломатиялык академияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.