БШКнын мүчөсү жана саясат таануучулар Путинден жардам сурашты

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 12:53
0 ой-пикир

Коомдук ишмер Ассол Молдокматова Россиянын президенти Владимир Путинге коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам берүүсүн суранып кайрылгандыгы белгилүү. Бул демилгени бир нече саясат таануучулар да колдоп, Владимир Путинге кат жолдошту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, алар орус окумуштуулары ийгиликтүү тесттен өткөргөн вакцинаны Кыргызстанга жөнөтүүнү суранышкан.

Эскерте кетсек, буга чейин белгилүү коомдук ишмер Ассол Молдокматова Владимир Путинге кайрылып, Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү суранган. Анын айтымында, өлкө гуманитардык катастрофага кабылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.