Бүгүн, 15-июлда Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Кыргызстандын 330 жараны кайтып келди. Алардын арасында ыктыяр дарыгерлер дагы бар.
Ушул тапта өлкөдө эпедимиологиялык абал курчуп, дары-дармектердин жана дарыгерлердин жетишсиздиги байкалууда. Сыртта иштеп жүргөн медицина кызматкерлери жардамга келип, мекенине кайтып жатышат.
Россиядан буга чейин 80ден ашуун ыктыярчы медик мекендеш келген.