Эртең Түркияда иштеген 18 кыргыз дарыгери учуп келет

Окуялар тизмеги 14 Июл 2020 17:07
0 ой-пикир

Эртең, 15-июлда Түркияда иштеген 18 кыргыз дарыгери COVID-19га каршы күрөштө жардам берүү үчүн учуп келет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 6-июлдан 13-июлга чейин 44 ыктыярчы кайрылды. Анын ичинен 17 адам ишке орношту — 6 дарыгер жана 11 медайым.

«Москвадан 5-июлда 14 дарыгер, 12 медайым келсе, 12-июлда 45 адам келген, Екатеринбургдан 7-июлда 2 дарыгер, 3 медайым, 13-июлда 2 дарыгер, 2 фельдшер, 1 медайым келген. Новосибирск шаарынан 9-июлда 3 дарыгер келсе, 16-июлда 9 волонтер келет», — дейт ал.

Өкмөт башчы кыйын кырдаалда жардамге келген баардык ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.