Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыгып, 15-июлдан тартып ишине киришти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Баатырбеков COVID-19га чалдыккан жана сол өпкөсү сезгенген. Биринчи вице-премьер-министр дарылоо курсунан өтүп сакайды. Ал кайрадан тапшырган анализдин жыйынытыгы таза деп чыккан.
Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр, республикалык ыкчам штабдын башчысы Алмазбек Баатырбеков 1-июлда коронавирусту жугузуп алгандыгы айтылган.